Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:03
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Акылбек Жапаров “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышты

26.06.2024 11:55
148
Акылбек Жапаров “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында, “Кытай-Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” 8-эл аралык көргөзмөсүнө ЭКСПОго келген мамлекеттердин делегация башчылары менен биргеликте катышты.

Алгач ЭКСПОго катышуу үчүн келген мамлекеттердин делегация башчыларын КЭР СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз тосуп алды.

Өз ара саламдашуудан кийин мамлекеттердин делегация башчылары атайын даярдалган “Кытай-Евразия ЭКСПО”павильондорун расмий ачышты.

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка делегация башчылары, ошондой эле эл аралык ири уюмдарынын жетекчилеринин сүрөткө түшүү аземи болуп, биргеликте эл аралык көргөзмөгө коюлган дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын продукциялары менен таанышты.

Жалпы 100 миң чарчы аянтты ээлеген көргөзмө инвестициялык кызматташтык үчүн көргөзмө аянты, эл аралык көргөзмө аянты жана адистештирилген тармактар боюнча көргөзмө аянты делип үч багытка бөлүнгөн. Ага дүйнө мамлекеттеринин энергетика, атайын жабдууларды чыгаруу, жеңил өнөр жай, санариптик технология, айыл чарба, тамак-аш азыктары, маданият жана туризм тармактары сыяктуу 10 миңден ашуун компания катышууда. Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында 60тан ашык форум жана атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Ошондой эле, эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын Улуттук күркөсү орнотулган. Ага 70тен ашык ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышып, 110дон ашуун продукциянын түрлөрү коюлган. Негизинен тамак-аш азыктары, экологиялык жактан таза кургатылган жер-жемиштер коюлган. Кыргызстандын бул көргөзмөгө катышуусунун негизги максаты кыргыз товарларын Кытай базарына чыгаруу.

Белгилей кетсек, Азия менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсү КЭР СУАРдын Үрүмчү шаарында 2024-жылдын 26-30-июнь күндөрү уланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн