Бугу 08, 2024
Убакыт: 15:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери менен жолукту

25.10.2023 08:40
155
Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери менен жолукту


Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Акылбек Жапаров ардактуу конокту жылуу тосуп алып, аны менен жолукканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи.

“Үстүбүздөгү жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз абдан активдүү болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууга салым кошконун белгилей кетейин. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти деп айтууга болот”, – деди ал.

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул расмий жумуш сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетет деген ишенимин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн