Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 16:15
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Акылбек Жапаров: Компьютерде иштегенди билбеген кызматкерлер жумуштан кетет

04.04.2024 15:56
205
Акылбек Жапаров: Компьютерде иштегенди билбеген кызматкерлер жумуштан кетет


Депутат Русланбек Жакышов парламент жыйынында айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери өздөрүнүн орун басарларын, бөлүм башчыларын же мыкты кызматкерлерин себепсиз жумуштан алып, ордуна туугандарын, тааныштарын алып келип жатканын айтты.


«Көп жылдардан бери иштеген, тажрыйбасы бар, бирок жагынганды билбегендерди жумуштан бошотушат. Алар азыр соттошуп жатышат», - деп нааразы болду эл өкүлү.


Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мындай жетекчилердин аты-жөнүн сурады.


«Текшеребиз, эгер андай фактылар болсо чара көрөбүз. Эми муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге талаптар күчөтүлдү. Компьютерде иштей албагандарды жумуштан кетиребиз», - деди ал.


Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, эгерде кызматкерлер өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаса, анда алар башка жумуш издөөсү керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн