Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча Аскар Акаев менен Атамбаевге жооп берди (видео)

28.05.2021 14:38
2438
Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча Аскар Акаев менен Атамбаевге жооп берди (видео)

Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров Акаев менен Атамбаевге жооп берди. Бул тууралуу ал "Агым.кг" Ютуб каналында Нурланбек Шакиев менен курган маегинде билдирген. 


Жапаровдун айтымында, алар мамлекеттик комиссиянын чечимин көрсөтүп жатат.


"Мен Акаев, Атамбаев күнөөлүү деп айтып жаткан жерим жок. Негизи эле кимдин күнөөлүү экенин далилдей турган мыйзам органдары бар. 

Акаевдин мени жоопко тартыш керек деген сөзү боюнча жооп берип койсом. Ал убакта өкмөт башчы болобу, мамлекеттик комиссиянын төрагасы болобу болгону кол койгон. Ал эми иштин баарын Торонтого барып, Айдар Акаев бүтүрүп турган. Аны Акаев өзү да билет. 

Ал эми Атамбаев боюнча айтсам, балага ата дайым ыйык бойдон калат. Атамбаев Кумтөрдөн алган акча боюнча далил Эсеп палатасында турат. Ошону айтсам Атамбаевдин баласы чычалап жатат",- деди Жапаров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн