Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров Кумтөрдөн пайда эмне үчүн аз түшкөнүн түшүндүрдү

15.12.2021 12:31
415
Акылбек Жапаров Кумтөрдөн пайда эмне үчүн аз түшкөнүн түшүндүрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенинен бюджетке түшкөн каражаттын азайышы тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, жыл аягына чейин Кумтөрдөн түшкөн каражат планга ылайык болот.


"Финансы министринин сөзүн ар ким ар кандай түшүнүп алышы мүмкүн. Кумтөрдө иш кадимки шарттарда жүрүп жатат.


Азыркы учурда таза жана сапаттуу кен чыгып жатканын билдирди.

Ал эми бюджетке түшкөн каражат ордуна келет. Биз пландагандай көлөмдө салык түшүп жатат",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн