Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров Малайзиянын ТИМ жетекчисин кабыл алды

04.07.2023 09:02
235
Акылбек Жапаров Малайзиянын ТИМ жетекчисин кабыл алды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, туризм, социалдык-гуманитардык жана экологиялык тармактарда кызматташууну арттыруу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Акылбек Жапаров кыргыз-малайзиялык эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүнүн натыйжалуу инструменттеринин бири болгон Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн өзгөчө белгилеп, тараптар биргелешкен күч-аракеттер менен мамлекеттерибиздин жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерге жетишет деген ишенимин билдирди.

Минкаб төрагасы маданий-гуманитардык чөйрөдө, ошондой эле каржылоонун ислам принциптери жаатында тажрыйба алмашууну баса белгилеп, бардык багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин ырастады.

Өз кезегинде Малайзиянын тышкы иштер министри Малайзиянын эки тараптуу кызматташуусун тереңдетүүгө даярдыгын белгилеп, бул жолку сапар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар Кыргызстан менен Малайзиянын өнөктөштүк мамилелерине жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн