Мен кызматка кубана турган жаш бала эмесмин. Мындай пикирин Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров "Вести.кг" сайтына билдирди.
Анын айтымында, аны бул кызматка президент сунуштаган.
"Президент Садыр Жапаров өзү чакырып менин бул кызматтагы тажрыйбамды баса белгилеп, министрлик кызматты сунуштады. Ал Кумтөр боюнча да комиссиясынын ишине жогору баа берерин билдирди.
Мен бул кызматка кубана тургандай жаш бала эмесмин. Менде экономиканы көтөрүү үчүн конкреттүү пландарым бар",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн