Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акылбек Жапаров: Мигранттарды Россияга эшелондоп поезд менен жөнөтүш керек

20.01.2021 12:41
2813
Акылбек Жапаров: Мигранттарды Россияга эшелондоп поезд менен жөнөтүш керек


Мигранттарды Россияга эшелондоп поезд менен жөнөтүш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жыйын учурунда  билдирди.


"Былтыр пандемия учурунда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн 180 миң мекендеш мекенине кайтып келди. Дагы 150 миңге жакын балдарыбыз эмгек рыногуна кирди. Быйыл дагы 150 миң кирет. Ошондо 500 миңге жакын киши жумушу жок жүрөт. Ушул суроо талапты өкмөт өзүнүн отурумунда карап чыксаңыздар. Москванын мэри Собянин “бир топ жумушчу орун бошоп, Москвада киши жок болуп жатат” деп айтып жатат. А биз авиа каттамдарды калыбына келтире албай жатабыз. Керек болсо, эшелон-эшелон кылып поезд менен жеткирүүгө аракет кылыш керек. Билеттердин баасын өкмөт субсидиялаш керек. Керек болсо, 5-10 млрд рубль алып, балдардын жол киресин төлөп берели. Кийин 1-2 жылдын ичинде алар кайра төлөгөндөй кылып. Жумушчу орундарды камсыз кылбасак болбой баратат. Антпесе, бүгүнкү күндө уурулук күч алды. Жумушу жок болсо, ачка болсо, уурулукка барат да. Ошондуктан, өкмөт бул маселени бир айдын ичинде чечиши керек", - деди эл өкүлү.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
касымбекова.чынаркүл
Акылбек Жапаров мен бул идеяны колдойм сиз билет алып бериңиз кийин кайтарып берели бирок арзан болсо билет кете турган адамдар бар бирок акчасы жок.
Токур
Акылман, сен 70 мин иш орун беремин, жоопгерчиликти алам дебедин беле, ит уро берет эшалон кете берет дейсинби? Тебя и других раскулачивать надо, это скоро произойдёт вес народ знает откуда ваши богатства гос чиновники.
Таа
Сени уй булону кошуш керек ошол ешалонго
Эма
Аял балдарын туугандары бир эшелон чыгаар бекен биринчи ошолорду жиберип жакшы болсо анан артынан барганга десен, чын эле