Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акылбек Жапаров: Минкаб президентке Салык кодексин жакынкы 2 жылда өзгөртпөө боюнча сунуш киргизди

29.09.2023 17:17
288
Акылбек Жапаров: Минкаб президентке Салык кодексин жакынкы 2 жылда өзгөртпөө боюнча сунуш киргизди


29-сентябрда министрлер кабинетинде 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өтүүдө.


Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттик Аппараттын Жетекчиси Акылбек Жапаров өкмөттүн келерки жылга карата пландарын, анын ичинде ишкерликти колдоо чараларын билдирди.


«Биздин өкмөт президентке Салык кодексине редакциялык өзгөртүүлөр болбосо, жакынкы эки жылда өзгөртүү жана толуктоолорду киргизбөө сунушун киргизген. Биз кесиптеш болгондон баштап мен белгилеген жетишкендиктердин баары мурунку Салык кодексинин алкагында жетишилген. Бир дагы жаңы салык киргизе элекпиз. Салык чогултуу системасын толугу менен өзгөртүп жатабыз, келечекте бул система жакшыраак иштейт», - деди А.Жапаров.


Өкмөт башчы ошондой эле салык системасы боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн