Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 14:11
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Акылбек Жапаров Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кандай маселелер талкууланды?

20.05.2022 20:01
475
Акылбек Жапаров Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кандай маселелер талкууланды?

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды.


Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода көлөмүнүн өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн