Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров Мишустинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атууга байланыштуу көңүл айтты

27.09.2022 09:53
392
Акылбек Жапаров Мишустинге Ижевск шаарындагы мектептеги ок атууга байланыштуу көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге Ижевск шаарындагы (Россия Федерациясы) мектептеги ок атуунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


«Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте болгон ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул каргашанын кесепетинен жабыркагандардын бардыгы тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат телеграммада.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн