Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Куланак” гидроэлектростанциясынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Минкаб башчысы Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикасы боюнча ишке ашырыла элек ири потенциалын эске алуу менен ГЭС куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Биздин жергиликтүү инвесторлор биринчи жолу ГЭСтерди кура баштаганына кубанычтамын. “Куланак” ГЭСинин кубаттуулугу 100 МВт болот”, - деди Акылбек Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн