Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:37
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөштү?

09.12.2021 09:50
915
Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөштү?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын биринчи президенти - Эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Акылбек Жапаров жана Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады, өзгөчө басым соода-экономикалык тармактагы маселелерге, атап айтканда, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселесине жасалды. Биринчи Президент - Эл башы Нурсултан Назарбаев белгилегендей, биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер бир туугандык жана коңшулук принциптерге таянат.


Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди жана Казакстан Республикасынын элин алдыда турган Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн