Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров: Окумуштуулар Кызыл-Омполдун тегерегинде эле 300 млрд долларлык запас бар экенин айтууда

25.01.2024 17:15
319
Акылбек Жапаров: Окумуштуулар Кызыл-Омполдун тегерегинде эле 300 млрд долларлык запас бар экенин айтууда


Кыргызстан өзүнүн кен байлыгынын пайдасын Сауд Арабиясындай көрүшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин ЭлТР телеканалы жарыялады.


Министрлер кабинетинин төрагасы жер казынасын иштетүүдө экологиялык жактан зыян келтире турган бир да технологияны киргиздирбей турганын белгилеп, кудай берген байлыкты колдонуш керектигин айткан.


"Сауд Арабия мунай менен газдын пайдасын көрүп жатса, биз да ушул кендерибизден пайда алышыбыз керек. Болгону Кумтөрдөй болуп алдатып жиберип, чоңдордун, 100-200 үй-бүлөнүн байышына жол бербейбиз", — деди Жапаров.


Ал Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде уран аз эле экенин кошумчалаган.


"Бул жерден 20 миллион тонна титаномагнетит, цирконий жана башка сейрек кездешүүчү металлдар чыгууда. Политехникалык институттун окумуштуулары алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатышат. Алар Кызыл-Омполдун тегерегинде эле 300 миллиард долларлык запас бар экенин айтууда", — деди өкмөт башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн