Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акылбек Жапаров: Орточо эмгек акы жогорулап, 22,9 миң сомду түздү

14.07.2022 13:28
480
Акылбек Жапаров: Орточо эмгек акы жогорулап, 22,9 миң сомду түздү


2022-жылдын январь-май айларында орточо айлык эмгек акы 22 927 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында анын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.


Анын айтымында, орточо айлык эмгек акынын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алганда 6,2 пайызга өскөн.


Ал кошумчалагандай, эң олуттуу өсүш саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө тармагында 52,6 пайызга, искусство, оюн-зоок жана эс алууда - 48 пайыз, билим берүү - 28,3 пайыз, тоо-кен тармагында - 24,3 пайыз, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө - 21,3 пайыз, транспорт иши жана товарларды сактоо - 19,5 пайыз, курулуш - 18,2 пайыз, мейманканалар жана ресторандар - 17,2 пайыз, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 16,6 пайыз, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк - 15,7 пайыз, кыймылсыз мүлк менен операциялар - 14,8 пайызга болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн