Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты

17.01.2023 17:18
223
Акылбек Жапаров Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Бет ачардын жүрүшүндө долбоор туруктуу транспорттук инфраструктураны, анын ичинде жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү, сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү турак жайга, ошондой эле ичүүчү таза сууга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыздап, экологиялык жактан туруктуу урбанизациянын масштабын жана калктуу конуштарды комплекстүү жана туруктуу пландаштыруу жана аларды башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте тургандыгы белгиленди.


Министрлер кабинетинин башчысы Ош шаарын өнүктүрүү долбоорунун негизги максаты шаарда ыңгайлуу чөйрөнү түзүү жана шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатуу болушу керектигин белгиледи.


«Туура жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат аркылуу 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча биз Евразия экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн арасында эмгек акыны жогорулатуу, салыктарды чогултуу жана ИДПнын көлөмү боюнча алдыңкы орунга чыктык. Быйыл өлкө экономикасына 20 млрд сомдон 50 млрд сомго чейин каражат салууну пландап жатабыз. Эгерде сиздерде адамдарга ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам бере турган реалдуу долбоорлор болсо, биз мындай долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Бишкек жана Ош шаарлары «акыркы вагондо» отурбашы керек. Алар өз аймактарын өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч болушу керек”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган Ош шаарынын бийлигинин бардык долбоорлоруна колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн