Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Акылбек Жапаров Ош шаарынын бюджети ОшМУнун бюджетинен төмөн экенине нааразы болду

08.02.2023 16:50
401
Акылбек Жапаров Ош шаарынын бюджети ОшМУнун бюджетинен төмөн экенине нааразы болду

Ош Фергана өрөөнүндөгү ири үч шаардын бири катары тийиштүү талапка жооп бериши керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын 2022-жылкы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландары каралган кеңейтилген коллегияда билдирди.

Министерлер кабинетинин башчысы белгилегендей, технологиялык өнүгүү доорунда Ош шаары өнүгүүдө болуп, ошол эле учурда тарыхый макамын сактап калуусу керек. Өлкөбүздүн борбору сыяктуу эле Ош шаары да келечекте чоң айылга айланып калуу коркунучу бар.

"Биз буга жол бере албайбыз. Убакыттын жана технологиянын талаптарын эсепке алуу менен шаар куруунун Деталдуу планын иштеп чыгуу боюнча иштерди кыска мөөнөттө бүткөрүү зарыл", - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Ош шаарынын алдында маанилүү милдеттер тургандыгын билдирип, түштүктөгү борбордун үч негизги көйгөйлүү маселесине токтолду:

⁃ калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо;

⁃ тыгындардын пайда болушуна алып келген транспорттук айрылыш жолдордун жоктугу;

⁃ шаардын бюджетин пландаштыруу маселелери, бул өнүгүүнүн негизги багыттарынын приоритеттеринин жоктугуна алып келет.

«Шаардагы салык чогултуу борборго салыштырмалуу 10 эсеге аз, ал эми шаардын бюджети болгону 2,2 млрд сомду түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, Ош мамлекеттик университетинин бюджети 4,1 млрд сомду түзөт. Шаарда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Эң негизгиси, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү керек, андан соң «көмүскө» түшкөн каражаттар шаардык бюджетке багытталат», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин ишинин темпи ыкчам болуп, ал эми өлкөнүн аймактары бул багытта артта калууда.

«Дагы бир жолу белгилеп кетким келет, Бишкек жана Ош шаарлары экономиканы өнүктүрүүнүн локомотивдери болуп, артта калбашы керек. Алар башка облустар жана шаарлар үчүн стимул болушу керек. Тилекке каршы, иш жүзүндө биз такыр башка көрүнүшкө ээ болуп жатабыз. Көп жылдардан бери шаар тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси чечилбей келет. Азыркы учурда анын жоктугу нонсенс. Бул адамдын негизги муктаждыгы. Чара көрүп, бул маселени чечүү керек. Биз бул жаатта жардам берүүгө даярбыз», - деп белгиледи Акылбек Жапаров жана аморфтук пландардын ордуна шаар тургундарынын күнүмдүк көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүүгө өтүү керектигин кошумчалады.

Коллегиянын жыйынтыгында токтом кабыл алынып, анда башка маселелер менен катар быйылкы жылы чечиле турган милдеттер белгиленген.

Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында 1-этапта эски скважиналарды реконструкциялоо жана жаңы скважиналарды бургулоо, 2-этапта сыйымдуулугу 6000 метр куб (ар бири ) 4 суу сактагыч куруу, 3-этапта Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте «Данги» участогуна эки тараптуу суу түтүгүн узартуу менен 2400 метр өлчөмүндөгү дамбанын курулушун бүткөрүү тапшырылды.

Коомдук транспорт тутумун жакшыртуу үчүн 3-троллейбус линиясын монтаждоо жана ишке киргизүү жана электробустарды сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.

Мындан тышкары, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаардык мэриясынын бир катар кызматкерлери мыкты иши үчүн сыйланып, муниципалитеттин бир нече кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн