Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров ОшМУнун окутуучулары менен жолугушту

21.12.2021 12:58
459
Акылбек Жапаров ОшМУнун окутуучулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасындагы билим берүү тутуму реформалоого муктаж.

«2020-жыл билим берүү тутумун кардиналдуу түрдө өзгөрттү. Ааламдашуу, технология дүйнөсүндөгү кечскин секириктер, нано- жана нейро-технологиялар, санарипке өтүү, жашыл экономика – мунун баары санариптештирүү доорунун талабы. Билим берүү тутуму заман талабына жараша жүрүүсү зарыл», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Университет 4.0» билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыккан, ал жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына толук жооп берет.

«Биздин милдетибиз – турмуштун бардык тармактарында күчтүү адистерди даярдай ала турган жогорку билим берүү тутумунун туруктуу ишин камсыз кылуу», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин жетекчиси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн