Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Акылбек Жапаров: Президент коррупция менен күрөшүүдө үлгү көрсөттү

31.05.2022 12:45
1191
Акылбек Жапаров: Президент коррупция менен күрөшүүдө үлгү көрсөттү


«Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеке үлгүсүндө коррупция менен кантип күрөшүү керектигин көрсөттү», - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында сүйлөп жатып.

Анын айтуусуна караганда, мындай тыянакты «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты улутташтыруу боюнча аткарылган иштердин алкагында чыгарууга болот.

«Мамлекет башчысы өлкө кызыкчылыгын акчадан бийик койду. Жыйынтыгында биз уттук. Биз «Кумтөрдүн» бардык жабдыктарын, мүлктөрүн улутташтырдык, ал мамлекеттин пайдасына көп жылдар бою кызмат кылат», - деди ал.

Андан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин алкагында Кыргызстан «Андаш» жана «Талды-Булак» сыяктуу ири алтын кендерин өзү иштете тургандыгын эске салды.

Белгилей кетсек, учурда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резинденциясында КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин экинчи жыйыны өтүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аталган кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова, бизнес-ассоциациялар, жарандык сектор, илимий жана билим берүү мекемелери, андан тышкары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана чакырылган коноктор катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн