Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Антон Вайно менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Биз кызматташтыгыбыздын бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүүсүнө жана чыңдалышына кызыкдарбыз», - деди Акылбек Жапаров.
Ал россиялык тарапка пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.
Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Антон Вайно өз кезегинде эки өлкөнүн администрациясынын башчыларынын линиясы боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.
Учурдан пайдалануу менен ал өлкөбүздө өтүүчү парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелри талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн