Бугу 11, 2024
Убакыт: 18:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Акылбек Жапаров Райымбек Матраимов тууралуу пикирин билдирди

10.11.2021 14:34
878
Акылбек Жапаров Райымбек Матраимов тууралуу пикирин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Коммерсант"  басылмасына берген маегинде Райымбек Матраимов тууралуу пикирин билдирди.


"Менде өткөн нерсе менен күрөшүүгө убактым жана каалоом жок. Бүгүн эртең үчүн иштеп жатабыз. Биз жаңы технологияларды киргизип жатабыз. Булар санариптештирүү жана виртуалдык кампа, электрондук эсеп-фактуралар, борбордук кассалык машиналар, маркировкалоо, штрих-коддоштуруу. Булар буга чейин Кыргызстанда активдүү киргизиле элек болчу», - деди ал.

Мындан сырткары, Жапаров Бажы кызматынан быйыл өлкө казынасына 52 миллиард сом түшүшү керектигин белгиледи.


«Планды аткаруу үчүн бизде ноябрь жана декабрь айы калды. Бажы, салык кызматына жаңы жетекчилик келди жана бул структураларда жылдан-жылга болуп жаткан саботаждар жаңы технологиялардын, жаңы билимдердин, жаңы кадрлардын жардамы менен жокко чыгарылат",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн