Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Акылбек Жапаров Республикалык диагностикалык борборунун иши менен таанышты

07.10.2022 17:40
442
Акылбек Жапаров Республикалык диагностикалык борборунун иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Республикалык диагностикалык борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чечимине ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айында мурда Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы диагностикалык борбор билим берүү максатында пайдалануу үчүн жогорку окуу жайдын оперативдүү башкаруусуна өткөрүлгөн.


Учурда мекемеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Академиянын эсебинен 21 115 480 сомго медициналык жабдуулар жана медициналык буюмдар сатылып алынган.


Министрлер кабинетинин башчысы борбордун имаратын көрүп чыгып, бейтаптардын тиешелүү консультацияларды алуусу жана дарылануусу үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн