Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров: Республиканын өндүрүштүк кубаттуулугу күндөн-күнгө өсүп, жүздөгөн жарандарыбыз жумуш менен камсыз болуп жатат

23.06.2023 15:23
732
Акылбек Жапаров: Республиканын өндүрүштүк кубаттуулугу күндөн-күнгө өсүп, жүздөгөн жарандарыбыз жумуш менен камсыз болуп жатат


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда министрлер кабинетинин башчысы “Асыл Таш Плюс” кафель жана керамика чыгаруучу ишкананын курулушу менен таанышты.

Долбоорго ылайык, ишкана биринчи этапта 400дөн ашуун адамды иш менен камсыз кылса, экинчи этапта 1000ге чейин жумуш орундарын түзүү каралууда. Өндүрүштү ишке киргизүү 2024-жылга пландалып, инвестициянын жалпы көлөмү 34,6 млн АКШ долларын түзсө, анын 25 млн АКШ долларын Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлөт.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы “Кант труба-шифер ишканасы” ЖЧКсы (Кант ТШИ) ишке ашырып жаткан жаңы автоклавдуу газобетон заводунун курулушу менен таанышты.

Автоклавтуу газобетон заводунун курулушу 120 кошумча жумуш орундарын түзүп, салык жана социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жылына 100 млн сомдон ашуун көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

МинКаб төрагасы ошондой эле “Кант ТШИ” заводунун фасаддык цемент плиталарын жана шиферин чыгаруучу заводунун учурдагы ишмердүүлүгүн көрүп чыгып, эл аралык стандарттарга ылайык иш алып барган аккредитацияланган лабораториянын иши менен таанышты.

Акылбек Жапаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, бул иштин алкагында мамлекеттик банктардын уставдык капиталы бир топ жогорулап, өнүктүрүү фонддору түзүлгөнүн кошумчалады.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Аламүдүн районундагы “Караван” соода-логистикалык борборуна барып, “Батыр логистикалык” борборунун логистикалык долбоору менен таанышты.

Иш сапарынын соңунда министрлер аабинетинин төрагасы үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда ишке киргизилген “Салих ЛТД” ЖЧКсынын балык тоюттарын өндүрүү боюнча жаңы линиясы менен таанышты.

Линиянын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 40 тоннаны түзүп, 60тан ашуун адамды жумуш менен камсыз кылат. Инвестициялардын жалпы көлөмү 2 млн АКШ долларын түзсө, анын 1,3 млн АКШ долларын Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн.

“Республиканын өндүрүштүк кубаттуулугу күндөн-күнгө өсүп жатканына, жүздөгөн жарандарыбыз жумуш менен камсыз болуп жатканына кубанычтамын, бул алар үйүндө – өз мекенинде болуп, үй-бүлөсүнө кам көрүп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатканын билдирет. Алдыда мындан дагы чоң жана масштабдуу долбоорлор турат, миңдеген жумуш орундары түзүлөт, ондогон заводдор, ишканалар ачылат. Президенттин командасы бул үчүн талыкпай эмгектенет”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн