Бугу 02, 2024
Убакыт: 22:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге терактка байланыштуу көңүл айтты

23.03.2024 17:08
110
Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге терактка байланыштуу көңүл айтты


Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү.

"Крокус сити холлдо" көп сандаган курмандыктарга алып келген террордук чабуулга байланыштуу менин чын жүрөктөн жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргызстандын министрлер кабинети зарыл болгон ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүгө кошулууга даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүү сөздөрүн жеткирип коюшуңузду өтүнөм", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн