Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров: Саат 7ден кечки 10го чейин иштеп жатам

15.02.2022 11:36
1308
Акылбек Жапаров: Саат 7ден кечки 10го чейин иштеп жатам

Келечекти айта албайм, бирок экономиканы туруктуу нукка салууга кеминде 3 жыл керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров качан кызматтан кетери тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, ал Кыргызстан үчүн колунан келишинче иштеп берет.


"Мен качан кетеримди билбейм. Биз экономикалык системаны өзгөртүп, бир нукка салып өлкөнү өнүктүрүүгө аракет кылам. Экономиканы бир нукка салуу үчүн кеминде 3 жыл керек",- деди Жапаров.


Мындан сырткары, ал азыркы учурда таңкы 7ден кечки 10го чейин иштеп жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн