Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү маселесин талкуулап, балдар ооруканаларына барды

25.01.2022 11:30
1088
Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү маселесин талкуулап, балдар ооруканаларына барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


 Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавирус инфекциясы дартынын күчөп кетүү ыктымалдыгына даярдык маселеси талкууланды. 


Министрлер кабинетинин башчысы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын күчөшү ыктымалдыгына толук даярдыгын камсыздоону тапшырды. 


Кеңешменин алкагында ведомствонун ишинин актуалдуу маселелери, анын ичинде кадрдык маселелер, медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, медициналык мекемелердеги кызматкерлердин штаттык расписаниесин оптималдаштыруу, саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү маселеси талкууланды. 


Акылбек Жапаров ошондой эле Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасына барды. 


Ал медициналык мекемелердеги бейтаптарды дарылоо жана дарылануу шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашып, аталган ооруканалардагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн