Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров: Салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөт

30.01.2024 10:57
211
Акылбек Жапаров: Салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөт


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жумушчу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Отурумда салыктык башкарууну санариптештирүү маселеси каралды. Анда министрлер кабинетинин төрагасы жалпы салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлүшү үчүн салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөөрүн билдирди.

“Азыр 21-кылым, заманбап технологиянын заманы. Салыкты көзөмөлдөгөн ар бир тиркеме 7/24 иштеп турушу керек. Программалар оор күч келди деп, токтоп калуу деген болбосун. Алдыңкы делген IT кызматкерлерин салык тармагынын ишине тартыңыздар”, – деди Акылбек Жапаров.

Жыйында салыктык башкарууну санариптештирүүгө багытталган иштерди жогорулатуу үчүн атайын каражат бөлүнөөрү айтылды. Ошондой эле, бардык базарлар жана коомдук транспорттор үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата жеткиликтүү деңгээлде санариптештирилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн