Бугу 09, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Акылбек Жапаров Тажикстан менен чек ара чечиле турганын билдирди

25.02.2023 08:16
219
Акылбек Жапаров Тажикстан менен чек ара чечиле турганын билдирди

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Министрлер Кабинетинин Төрөгасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна баардык тараптан колдоо көрсөтүлүп, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгиледи.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка жана Борбордук айылдарындагы Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда бузулган турак жайлардын ордуна жаңы салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышты.

Учурда жалпысынан 332 турак үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Эскерте кетсек, жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.

“Буйруса турак үйлөрдү куруу иштерин март-апрель айларында аягына чыгаралы деп жатабыз. Бул маселе өлкө Президенти Садыр Жапаровдун түздөн-түз көзөмөлүндө. Андан соң, үй эмеректерин толтуруу жагы дагы каралат”, - деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып 2023-жылдын сентябрына чейин баардык социалдык объектилер бүткөрүлөөрүн билдирди.

“Бүгүн эртең бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилер башталат. Анын баары 2023-жылдын сентябрында бүтүп калат. Ал эми калган ирригация, айыл чарба иштери, завод-фабрика, ГЭСтер боюнча биринчи көңүлдү Кыргызстан боюнча Баткенге бурулат”, - деди ал.

Эки жылдын ичинде күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын дагы айтып өттү. Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасы менен чек ара маселеси чечилгенин, ал эми Тажикстан Республикасы менен дагы чечилет деп кошумчалады.

Минкаб башчысы эртең Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдары, Актатыр айыл аймагынын Көк-Терек айылы, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылы, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында курулган үйлөрдүн сапаты менен дагы таанышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн