Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Акылбек Жапаров Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган ишкерлерге жана жергиликтүү тургундарга компенсация берүүнү убада кылды

25.02.2023 11:48
244
Акылбек Жапаров Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган ишкерлерге жана жергиликтүү тургундарга компенсация берүүнү убада кылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү.


“Айрыкча ишкерлерге компенсация берүү жагын карап чыгалы. Чындыгында ишкерлер эле эмес, мал-жанынан айрылган эл деле эмне менен оокат кылабыз деп жатышат.

Бул туура маселе. Үй эмеректери күйдү, мал-жаны өлдү, жоголду, уурдалды. Тизмелер такталсын. Зыянды компенсациялоонун тартиби боюнча Жобо иштелип чыксын. Жабыр тарткан жарандарга финансылык каражаттарды кыска мөөнөттө төлөөнү жүргүзүүнү баштаңыздар”, - деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.


Эскерте кетсек, каргашалуу окуя учурунда каза болгон тоок ферманын ээсинин 9 млн сом насыясы мамлекет тарабынан жоюлган жана жаңы жабдууларды алуу үчүн ишкердин уулуна 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.


Мындан тышкары, Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик ведомстволорго кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек бизнес форумдарын Баткен облусунда өткөрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууну тапшырып, Баткен экономиканын кайнаган жерине айланышы керек экенин айтты.


“Эки жылда Баткен жергеси эки жолу чек ара маселесинен жабыр тартты. Бирок ага карабастан, биз эки жолу калыбына келтирип жатабыз. Тынчтык эле болсунчу. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Баткенге жардам берүүдөн тажабайт жана анын гүлдөп өсүп өнүгүүсүнө болгон күчтү жумшоону баарыбыздан талап кылат. Биз аны кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз”, - деп билдирди Акылбек Жапаров.


Баткен жергесинде абал кыйын экенин айткан МинКаб башчысы, мамлекеттин казынасы толуп турбаса, Баткенди калыбына келтирүүгө каражат табуу кыйын болорун, ошол себептүү ККМ менен иштөөнү токтотпостон көзөмөл күчөтүлүүсүн кошумчалады.


Үйлөрдү куруу иштери бүткөрүлгөндөн кийин 2023-жылдын сентябрына чейин баардык социалдык объектилер бүткөрүлөөрү пландалууда. Турак үйлөргө жана социалдык объекттердин курулушуна жалпысынан 1 млрд 360 млн сом мамлекет тарабынан которулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн