Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан талкаланган Ак-Сай, Капчыгай айылына барды

30.09.2022 11:46
711
Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан талкаланган Ак-Сай, Капчыгай айылына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапары уланууда. Бүгүн, 30-сентябрда, Акылбек Жапаров Капчыгай, Ак-Сай айылында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.


Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, ошондой эле Жапаров бузулган үйлөрдүн ордуларын тазалоо жана ал жерлерге жаңыларын курууга даярдык иштери менен таанышты.


Акылбек Жапаров чек арадагы окуяда жабыркаган айылдарда жаңы үйлөрдү курууда таза суу, септик, инфратүзүм өңдүү шарттарды эске алууга өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Ак-Сай айылындагы мектептин имаратын көрүп чыгып, билим берүү мекемесинин маселесин чечүүгө байланыштуу тийиштүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, отурум эртең, 1-октябрга белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн