Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:46
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акылбек Жапаров Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндо менен жолугушту

07.07.2023 10:30
324
Акылбек Жапаров Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндо менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын башкы кеңешинин төрагасы, Өкүлдөр палатасынын депутаты Тосиаки Эндо менен жолугушту. 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.

Министрлер кабинетинин башчысы “Кыргыз Республикасы Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун жалпы баалуулуктарын бөлүштүрүүчү жакын жана достук өнөктөш катары карай турганын” белгиледи.

Тараптар ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерине, атап айтканда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Бул боюнча министрлер кабинетинин башчысы энергетика, транспорт жана коммуникация тармагында ири инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну сунуштап, “бул жакшы мультипликативдик эффект берет” деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар адам ресурстарын жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга токтолуп, Кыргызстанда улуттук макамга ээ болгон “Бир айыл – бир продукт” долбоорун жогору баалашты.

Өз кезегинде Тосиаки Эндо Япония менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, социалдык-гуманитардык тармактарда олуттуу потенциалы бар экенин баса белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн