Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы эң эмгекчил жана иштерман парламент болду. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасаган учурда билдирди.
Анын айтымында, 6-чакырылыш өлкөдө туруктуулук алып келген парламент болду.
"Бул чакырылышта уруштук, сындаштык, иштештик, кээде элдин сынына кабылдык. Бирок 6-чакырылыш өлкөдө бийликти күч менен эмес мыйзам өткөргөн жана өлкөдө туруктуулукту камсыз кылган парламент болду.
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы эң эмгекчил жана иштерман парламент болду. Буга тарых өз баасын берет",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн