Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров адамдар тизесине чейин ылайга баткан Караколдогу мал базарга барды

13.05.2022 15:57
694
Акылбек Жапаров адамдар тизесине чейин ылайга баткан Караколдогу мал базарга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы жумушчу сапарынын алкагында, буга чейин эл ылай кечип жүргөн видеосу менен интернетте талкуу жараткан Каракол шаарында жайгашкан мал базардан кабар алды.  


Аймактагы ири базардын шарты жакшырып, бирок оңдоо иштери толук соңуна чыга электиги белгиленди. Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликке жеке ишкерлер менен биргеликте жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында оңдоо иштерине көмөк берүү керектигин айтып, мал базардын айланасын көздөн кечирип чыкты. 


Министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга март айынын соңунда өлкөдөгү мал базарлардын абалын жакшыртып, элге ыңгайлуу шарт түзүү тапшырмасын берген. Акылбек Жапаров өз кезегинде жумуштарды аткарууга бир ай убакыт берип, жеринде өзү барып күтүүсүз текшерүүгө алаарын табыштаган.


Ошондой эле Министрлер кабинетинин башчысы Каракол шаарында курулушу жүрүп жаткан башка жаңы ири мал базардагы жумуштар менен да таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн