“Реформага баруу эбак эле бышып жеткенине карабастан, канча жылдан бери ишке ашпай келе жаткан. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү биз үчүн жеңил болгон жок. Идеалдуу реформа кылуу кыйын, бир топ маселелер дагы да бар, биз бара-бара түздөйбүз”, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, бүгүн Жогорку Кеңештеги административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча жасаган баяндамасында.
Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, административдик-аймактык реформанын максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү. Бул финансылык жана кадрдык ресурстарды натыйжалуу башкарууга жана пайдаланууга алып келет. Эгер буга чейин өлкөдө 452 айыл аймак болсо, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында алардын саны 235ти түзөт.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, 1990-жылдан бери карай ушуга чейин 40 район, 32 шаар, 452 айыл аймагы пайда болуп, анын 62си – бир айылдан турган айыл аймактар, ошол эле учурда 10дон 20га чейин айылдын башын кошкон, элинин саны 30-40-50 миңге жеткен айыл өкмөттөрү болгон, алардын арасында теңсиздиктер жана ажырымдар чоң болуп келген.
“Эми бир айылга – бир айыл өкмөт, бир урууга – бир айыл өкмөт” деген принциптен кайттык. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин саны кыскарган менен алардын ишинин көлөмү өзгөргөн жок”, - деди ал.
Минкаб башчысынын айтымында, буга өлкө боюнча жүргүзүлгөн санариптешүү жараяны түрткү болду.
“Азыр эч ким айыл өкмөттүн имаратына келип маалымкат албайт, келсе да берилбейт. Маалымкатты “Түндүк” тиркемеси аркылуу 3 секундда ала алышат. Учурда элдин 90%ы маалымкат үчүн айыл өкмөткө барбайт. Банктар көп документтерди сурабай калды”, - деген Акылбек Жапаров, “Түндүк” порталынан 15,6 млн жолу кызмат көрсөтүлгөнүн, муну менен элибиз 1 млрд сомдон ашык каражатты жана 12,9 млн саат убактысын үнөмдөшкөнүн, эң көп “үй бүлө курамы” жана “жашаган жери боюнча” маалымкаттар суралганын белгилеп өттү.
Акылбек Жапаров белгилегендей, административдик-аймактык реформанын дагы бир максаты – жакырчылыкка каршы активдүү даректүү жардамдарды күчөтүү болуп саналат. 2022-жылы 111 миңге жакын өтө жакыр үй-бүлө санарипке кирсе, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө кыскарган. Үч жылдын ичинде 13 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык контракт алып, 18 миңден ашык жумушчу орун түзүлдү. Быйыл дагы 23 миң өтө жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөгө каражат бөлүнөт (2,3 млрд сом).
“Биз айыл өкмөттөрдөн тазалыкты, тартипти, колунда жокторго каралашып, элди карап турууну жана өзүнүн экономикасын бекемдөөнү, инвестиция тартууну талап кылып жатабыз”, - деди ал.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров кадрдык потенциалды күчөтүлүп, райондун акимдерине ыйгарым укуктар берилгенин, ротациялоо системасы менен “өзүбүздүн уул” деген принцип жоюлганын белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн