Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акылбек Жапаров апрелге чейин Бишкек ЖЭБдин эскирген жабдыктарынын тизмесин түзүүнү тапшырды

27.12.2021 13:54
774
Акылбек Жапаров апрелге чейин Бишкек ЖЭБдин эскирген жабдыктарынын тизмесин түзүүнү тапшырды

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык ЖЭБдеги үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында суу түтүгү жарылган насостук станцияда көчмө жыйын өткөрдү.


Көчмө жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, ЖЭБ кызматкерлеринин ыкчам жооп кайтаруусуна жараша, объектидеги авариялык абал жөнгө салынган.


«Борбордун тургундары үчүн жылуулук энергиясын берүү токтотулган жок. Насостук станциянын иши ыкчам калыбына келтирилген», - деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмырзаев.


Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мындай окуяларга жол бербөө максатында, өзгөчө түнкүсүн күзөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл.


«Бул жолу компаниянын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирген, аны жаңыртууга убакыт келди», - деди Акылбек Жапаров жана 2022-жылдын апрель айына карата жаңылатууга муктаж жабдуулардын тизимин даярдоону тапшырды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн