Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү

24.11.2023 16:35
406
Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулук фактыларын алдын алуу боюнча жыйын өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, ал бүгүн башталган "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" дүйнөлүк жараянга старт берген.


Өкмөт башчы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу жана токтотуу маселеси бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтып, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик тутумдары жана социалдык кызматтардын жетекчилерине бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырган. Бул жаатта мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды кайра карап чыгуу, аялдарды коргоо жана колдоо боюнча жаңы чараларды киргизүү тапшырмаларын да берген.


"Коопсуз, тынч жана бакубат жашоону түзүү үчүн коомубуздун ар бир мүчөсүн коргоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу саясаты өкмөттүн көңүл борборунда кала берет", — деген ал.


Жапаров аялдарды финансылык жана экономикалык жактан колдоо боюнча чараларды көрүү зарыл экенин кошумчалаган. Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулган. Анда Жогорку Кеңештин кароосуна мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн зомбулук жасаган адамдарга тагыла турчу электрондук билериктер тууралуу мыйзам долбоору сунушталганы айтылды.


"Электрондук билериктердин жардамы менен алардын жайгашкан жерин жана зордук-зомбулукка кабылган адамдарга жакындаган радиусун байкоого болот", — деп жазылат маалыматта.


Жолугушууда президенттин тапшырмасы менен 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын программа иштелип жатканы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн