Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров аялы 1,2 млрд сом салык төлөгөнүн билдирди

11.10.2023 17:12
351
Акылбек Жапаров аялы 1,2 млрд сом салык төлөгөнүн билдирди


Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жубайы 1 миллиард 200 миллион сом салык төлөгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы постуна комментарий аркылуу жазды.


Эске салсак, министрлер кабинетинин башчысы буга чейин өлкөдө мындан ары кылмыштуулук болбой, республика чет элдик инвесторлор үчүн бейишке айланарын билдирген. Бул билдирүүнүн астына колдонуучулардын бири Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кантип байыганын сураган. Ал анын кызматтан кетишин жазган.


"Бул сизге эмне себептен керек? Жубайым 1 миллиард 200 миллион сом салык төлөдү”, - деп жооп берди Акылбек Жапаров.


2020-жылдын октябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы "Кантский МИС", анын ичинде компаниянын акционерлери салык төлөбөй жатканын жарыялаган. Алардын арасында Акылбек Жапаровдун жубайы Анара жана мальталык Eurasia Capital Limited оффшордук компаниясы болгон. Мамлекеттик Финансылык көзөмөл кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 10-мартына карата Eurasia Capital Limited "МИСтин" 98,3 пайыз акциясына ээлик кылган. Бирок Юстиция министрлигинин маалымат базасында мындай уюм жок. Бирок анын аты Эл аралык иликтөө журналисттер консорциумунун (ICIJ) оффшордук маалымат базасында көрсөтүлгөн.


Акылбек Жапаровдун жубайы Анара дагы Кыргызстанга кондитердик азыктарды жеткирүүчү «Тридас» ЖЧКсына ээлик кылат. Бул тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн