Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:37
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Акылбек Жапаров: Бийлик өлкөнү акча адалдоо үчүн пайдаланууга жол бербейт

30.05.2024 14:09
280
Акылбек Жапаров: Бийлик өлкөнү акча адалдоо үчүн пайдаланууга жол бербейт


Бийлик Кыргызстанды кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого колдонуу үчүн жол бербейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


Ал Бишкекте өткөн Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) 40-пленардык жыйынында сүйлөдү.


Министрлер кабинетинин башчысы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасы бүгүнкү күндө натыйжалуу иштеп жатканын жана бул жаатта эл аралык жана улуттук талаптарга жооп берерин баса белгиледи.


"Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын атынан Кыргызстан мындан ары эч кандай түзүмдөргө биздин өлкөнү кылмыштуу кирешелерди адалдоо үчүн пайдаланууга жол бербейт деп ишендиргим келет", — деди ал.


Ошондой эле анын айтымында, Кыргызстан ЕАТтын ишмердүүлүгүнө жигердүү катышып, мыйзамсыз кирешелер менен күрөшүү боюнча талаптарды сактоону жакшыртуу боюнча тынымсыз иш жүргүзүп, ФАТФтин (Акчаны адалдоого каршы каржылык чара көрүү тобу) жалпы таанылган эл аралык стандарттарын так аткарат.


"Мындай иш-чаралар биздин аймактын өлкөлөрү үчүн абдан маанилүү. Биргелешкен аракеттер менен гана шек туудурган трансчекаралык финансылык агымдарга эффективдүү мониторинг жүргүзүп, өлкөдөн чыгарылган кылмыштуу активдерди аныктай алабыз. Бул, албетте, биздин мамлекеттердин финансылык коопсуздугун чыңдоого, мыйзамдуу сооданы кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана жалпы экономикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөт", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн