Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Акылбек Жапаров бизнести өнүктүрүү үчүн Инвестициялык кеңеш түздү

20.05.2022 12:19
674
Акылбек Жапаров бизнести өнүктүрүү үчүн Инвестициялык кеңеш түздү

Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин базасында министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш түзүлдү.


Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.


Мындай чечим бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн коргоо жана колдоо механизмдерин, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдө кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында кабыл алынды.


Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн