Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акылбек Жапаров чек арадагы абалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

28.01.2022 17:24
651
Акылбек Жапаров чек арадагы абалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

Чек арадагы үйлөрдүн баары өкмөттүн эсебинен камсыздандырылат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге тапшырма берди.

Ал 28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрдү.


Кеңешмеде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.


Ташиев тараптар чек арадагы атышууну биргелешип иликтөө үчүн комиссия түзүүнү, турак-жайын таштай качкан тургундарды кайрадан үйлөрүнө жеткирүүнү, жолдорду ачууну жана чек арадан Чек ара кызматынын жана жергиликтүү ички иштер органдарынын өкүлдөрүнөн башка бардык аскер бөлүктөрүн алып кетүүнү макулдашканын билдирген.


Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйын соңунда Акылбек Жапаров жабыркагандарга жардам берүү тууралуу чукул тапшырмаларды бергенин маалымдады.


Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн