Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын эки жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды.
Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылган жыйында аталган ишкананы жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
"Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек?", - деп суроо салып, министрлер кабинетинин башчысы ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керектигин баса белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн