Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чиновниктердин санын кыскартуу планы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал айыл чарба техникаларыынын көргөзмөсүндө билдирди.
Анын айтымында, чиновниктердин санын кыскартуу менен бюджеттин кирешеси көбөйөт.
"Өзүңүздөр байкагандай, алгачкы кыскартуу Президенттин Администрациясынан башталды. Эми министрликтердеги чиновниктердин санын кыскартып, ишти оптималдаштыруу боюнча иш жүргүзөбүз. Ошентип жергиликтүү органдардагы мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартабыз",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн