Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров элчилерди инвестиция тартууда жигердүү иш алып барууга чакырды

02.08.2024 13:30
272
Акылбек Жапаров элчилерди инвестиция тартууда жигердүү иш алып барууга чакырды


ТИМдин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элчилерди инвестиция тартууда жигердүү иш алып барууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.


Кабарга ылайык, Жапаров инвестицияларды, жаңы технологияларды тартуу, инновациялык чечимдер боюнча иштерди активдештирүү, ошондой эле кыргыз продукциясынын экспортун күчөтүү зарылдыгын белгиледи.


"Тышкы иштер министрлиги ири инфраструктуралык, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо долбоорлоруна, соода-логистикалык комплекстерди курууга, Бишкек, Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоого каржы табууга аракет кылышы керек", — деди өкмөт башчы.


Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров элчилерден инвестиция тартууда активдүү, креативдүү, натыйжалуу иштерди күтөрүн айтты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн