Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров электр энергиясына болгон тарифтер өзгөрүлөрүн билдирди

25.12.2023 16:31
224
Акылбек Жапаров электр энергиясына болгон тарифтер өзгөрүлөрүн билдирди


Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мындан ары электр энергиясы үчүн байлар байдай төлөй турганын билдирди.


"Биз капитализм куруп жатабыз да. Мындан ары байлар байдай төлөйт. Буларды ыкчам темп менен тарифтердин жогорулашы күтөт. Тарифтер дагы өзгөрүшү керек. Алыскы, тоолуу жердегилер үчүн өзүнчө тариф кала берет. Бирок этап-этабы менен акыры энергетика өздүк наркына жана рентабелдүүлүккө чыгуусу зарыл. Ансыз бизге инвестор келбейт", — деген Жапаров.


Ал өкмөт 200 миң муктаж үй-бүлө бар экенин белгилеп, аларга жардам көрсөтүү туурасында айткан.


"Министрлер кабинети колунда жокторго жардам берүүгө даяр, бизде 200 миң муктаж үй-бүлө бар. Аларга тарифти ылдыйлатпасак дагы субсидия бергенге даярбыз. Бирок калган 1 миллион 200 миң үй-бүлө ушул тарифке көнө башташы керек", — деген өкмөт башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн