Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берди

01.07.2022 13:38
428
Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берди


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, бир күн мурун, 30-июнда Жапаров Бекмурзаевди иш бөлмөсүнө чакырып, аны менен «түшүндүрүү маегин» өткөргөн.


Жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы министрге оозеки эскертүү берген.


Эске салсак, парламенттин спикери Талант Мамытовдун айтымында, Бекмурзаев парламент жыйынында депутаттар Акбөкөн Таштанбеков жана Нурбек Сыдыгалиев менен туура эмес сүйлөшкөн. Жапаров министрдин жоопкерчилигин кароого убада берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн