Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акылбек Жапаров инвестор тартуу үчүн Америкага иш сапары менен барды

20.04.2022 11:27
486
Акылбек Жапаров инвестор тартуу үчүн Америкага иш сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Белгилей кетсек, министрлер кабинети өз ишинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуз энергетика жана экологиялык балансты сактоо жаатындагы долбоорлорду, анын ичинде Глазго шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө маани берет.


Жумушчу сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат, ошондой эле Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.


Бул жолугушууларда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу жана кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.


Расмий делегациянын курамына финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн