Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Акылбек Жапаров инвесторлордун укуктары корголорун билдирди

13.06.2022 17:02
1011
Акылбек Жапаров инвесторлордун укуктары корголорун  билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясынын Кыргыз Республикасында ачылышында сөз сүйлөдү


Министрлер кабинетинин башчысы министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды – либералдык салык мыйзамы, жумшак валюталык жөнгө салуу, инвестицияларды коргоого багытталган күч-аракеттер экендигитн белгилеп, инвесторлорду кызматташууга чакырды.


«Кыргызстандын президенти ишкер миссиясынын жалпы катышуучуларына салам жолдоону өтүндү. Алты жыл аралыгында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоодо өз жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун көрсөткөндүгүн белгилеп кетким келет. Анын өлкө боюнча каржылаган миңдеген долбоорлору бар. Учурда жогорку тобокелдиктерден улам коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү чектелген тармактар жана багыттар боюнча уюмдун активдүүлүгүн күтүп жатабыз. Кеп энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагын, жеңил өнөр жай жана айыл чарбасында өндүрүш кластерлерин, соода-логистикалык инфраструктураны, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, фондулук рынокту өнүктүрүү жөнүндө болуп жатат», - деди ал.


Акылбек Жапаров россиялык компаниялардын ишкер миссиясы жаңы өндүрүштүк жана инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү келечеги менен эки өлкөнүн бизнес субъектилеринин өнөктөштүк байланышын орнотууга түрткү болоруна ишенимин билдирди.


«Кыргыз Республикасы өзүнүн стратегиялык максаты катары жаңыланган жагымдуу инвестициялык климатты калыптандырууну белгиледи, анын негизи катары гармониялуу жана либералдык мыйзамдар, жогорку социалдык жоопкерчилик жана адилеттүү сот системасы болот. Республиканын бийлиги бизнес менен диалогго жана инвесторлор өзүн кыргыз рыногунда эркин жана ыңгайлуу сезиши үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоого даяр», - деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.


Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштуруп жаткан иш-чарага Россия Федерациясынан 100 ашуун алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн