Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:14
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына барды

25.06.2024 16:05
127
Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарына келди.

Иш сапарынын алкагында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров “Кытай - Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышып, сөз сүйлөйт. Анын жүрүшүндө ЭКСПОго катышкан өлкөлөрдүн делегация башчылары менен жолугат, ошондой эле көргөзмөгө коюлган дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын продукциялары менен таанышат жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн күркөсүндө болот.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп эки тараптуу кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзөт.

Мындан тышкары ал Кытайдын бизнес-коомчулугунун жетекчилери менен жолугат.

Андан соң Акылбек Жапаров КЭР СУАРдын Хами шаардык округуна барып, ири компаниянын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат.

Иш сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн