Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Акылбек Жапаров калкты эмдөөдөн өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды

28.10.2021 09:56
712
Акылбек Жапаров калкты эмдөөдөн өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.


Кеңешмени ачууда министрлер кабинетинин башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө өлкөгө COVAX глобалдык демилгелер алкагында 259 миң доза Phizer жана 111,600 доза Sinofarm вакцинасын алып келүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди


Кеңешмеде учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланып, аймактардагы вакцинациялоо темпи жана билим берүү мекемелериндеги абал тууралуу маалымат угулду.


Акылбек Жапаров жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин запасына тийиштүү маселе талкууланып, калктын социалдык жактан аяр катмарына ПЦР-анализдерди акысыз негизде, же жеңилдиктер аркылуу берүү сунушу каралды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн