Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктардан кечирим сурады. Бул тууралуу ал КТРКга берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө көмүр мафиясы менен күрөш жүрүүдө.
"Электр энергиясын сатып алууда бардык көйгөйлөрдү чечтик. Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын жеткирүүдө эч кандай тоскоолдук болбойт.
Азыркы учурда көмүр мафиясы менен катуу күрөшүп жатабыз. Биз кышында кышкы маселе менен алек болуп калганыбыз үчүн кечирим сураймын.
Эмки жыл буйруса мындай маселе болбойт. Май айынан ноябрга чейин баары камсыз болот",- деди Жапаров.
Пикирлер (2)